Меню
Эл-Сөздүк

Факультативдик протокол

ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛ – эларалык укуктагы адатта негизги келишимди түзүүгө байланыштуу жана ага тиркеме катарында (бирок анын ажырагыс бөлүгү болуп саналбаган) өзалдынча документ таризинде кол коюла турган көп тараптуу эларалык келишимдин бир түрү. Эгер факультативдик жоболор менен эскертүүлөрдү билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдынала каралбай калса, негизги келишимдин баардык тараптарынын жалпы макулдугуна жетишилбей калган маселелерге карата биркатар катышуучулардын макулдашуусу Ф. п-до бекитилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: